Коом

“Ата-Бейитте» кыргыз-тажик чек арасында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү

Бүгүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын бир жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлайт.

Курман болгондорду эскерүүгө күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери жана Кыргыз Республикасын УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамы келди.

Митинг-реквием баатыр-чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталды. Каза болгон жоокерлерге багыштап куран окулду. Иш-чаранын катышуучулары аларды бир мүнөткө унчукпай туруп эскеришти.

Митинг-реквиемде сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев эр жүрөк жана тайманбас азаматтарды тарбиялаган ата-энелерге терең ыраазычылык билдирди. «Өз өмүрүн курмандыкка чалып мамлекетибиздин чек арасын коргогон баатыр-чек арачыларга терең таазим. Алардын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болуп саналат. Ар бир эле адам баатыр боло албайт . Ал үчүн тайманбас, эр жүрөк жана Мекенди чексиз сүйүү керек», — деп белгиледи генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев.

Бир жыл мурун, 2022-жылдын 16-сентябрында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кагылышууда 51 аскер кызматчылары курман болгон, алардын 42си чек арачылар эле.

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоого өз өмүрүн курмандыкка чалган бардык аскер кызматчыларынын эстутумун түбөлүккө калтыруу максатында төрт чек арачы — танк экипажынын үч мүчөсү жана лейтенант Д.Анарбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жерге берилген.

Каза болгон аскер кызматчыларына коюла турчу эстеликтин эскиздеринин долбоорлору иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлдү. Эстеликти тургузуу иши менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги алектенет.

Белгилей кетсек, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ушул кезге чейин ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келди жана мындан ары да көрсөтүлөт. Аларга улуттук мыйзам чегинде каралган камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилген жана турак-жайлар берилген.

Мындай митинг-реквиемдер Кыргызстандын бардык облустук чек ара башкармалыктарында өткөрүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button