Коом

Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүү боюнча пикирин билдирди

Чолпонбек Абыкеев социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүү боюнча пикирин билдирди:

«Урматтуу мекендештер! Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин көтөрүп, ал коомчулукта кызуу талкууну жаратты.
Негизинен бул идея колдоого аларлык. Албетте, балким азыр сунушталып жаткандай эмес, бирок идеянын өзү туура деп эсептейм.
Желегибизге байланыштуу бир болгон окуяны айта кетүү эп болуп турат. 90-жылдары чет элдик бир делегация өлкөбүздөгү маанилүү бир иш-чарага катышып калат. Делегация мүчөлөрүнүн бири биздикилерден: “Силердин өлкөдө күн караманы өтө чоң масштабда өстүрүшөбү?”, — деп суроо салат. Биздикилер аң-таң болуп, суроонун чоо-жайына кызыгышса, чет элдик делегация өкүлү: “Мамлекеттик желегиңерге күн караманы түшүрүпсүңөр го, ошондон улам ушундай ой келди”, — деп суроосунун төркүнүн түшүндүргөн экен.
Мына ошондуктан, желегибизди кур дегенде чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура. Бул демилгени колдошубуз керек. Керек болсо туубуздун өңүн “Манаста” көк асаба деп айтылгандай, көк түскө алмаштырсак да жарашмак. Бирок, элибиз кызыл түскө көнүп калып, ага макул болбосо керек.
Чындыгында биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар. Эми гана өлкөбүз өнүгүп-өсүү жолуна ишенимдүү багыт алды. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик туусунун бир элементи эле эмес, түп-тамыры менен таанылгыс кылып өзгөртүшкөн өлкөлөр бир топ.
Желектин кемтик жагын караштырып, алмаштыруудан трагедия жасоонун кереги жок. Эң башкысы желегибиз жакшынакай болуп өзгөртүлүп, жалпы кыргызстандыктардын колдоосуна арзыса болду. Демилгечилер коомчулук тарабынан айтылган сунуштарды эске алат деп ишенем», — деген ал.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштаган. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button