Коом

Денис Бердаков: Сунушталып жаткан мамлекеттик желектин дизайны абдан кызыктуу

Саясат таануучу Денис Бердаков Жогорку Кеңештин депутаттарынын Кыргызстандын желегинин дизайнына өзгөртүү киргизүү демилгесинде эч кандай жамандык жок деп эсептейт. Анын айтымында, азыр желекти оңдоонун жана өзгөртүүнүн бир нече варианттары сунушталууда.

«Негизинен желектин түсү жана күн сакталып калат. А бирок желек да убакыттын өтүшү менен өзгөрүүгө дуушар болот. Тарыхта улуу мамлекеттердин эки-үч желеги болгон. Азыр сунушталып жаткан долбоор абдан кызыктуу. Ошондуктан да мамлекетке эч кандай коркунуч туудурбайт. Учурда саясатта жана коомдо түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр болуп жатканын түшүнүшүбүз керек. Биз эгемендүүлүктү алгандан 30 жыл өткөндөн кийин, 30 жыл мурунку этаптардын баарын басып өттүк деп айта алабыз. Чынын айтканда, ошол 30 жылда бир эле орунда турдук, көп нерседен утулдук», — деп белгиледи Бердаков. Ошондой эле, азыр жаңылануу заманы, өзгөрүүлөр сөзсүз болушу керектигин кошумчалады.

«Мамлекетибиздин жетиштүү каражаты, ресурстары жана социалдык жоопкерчилиги бар болушу үчүн бардык этаптарды тез басып өтүү биз үчүн маанилүү. Балким, азыр желек боюнча сунушталып жаткан сунуштар эске алынууга арзыйт», — деп жыйынтыктады Денис Бердаков.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button