Кылмыш-кырсык

УКМК: Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалар аныкталды. Фото

Кыргыз Республикасынын УКМКсы Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иштерди улантууда, анын алкагында кылмыштуу ишмердүүлүктү колдоого багытталган каржылоо булактарын жоюу жана акча агымын азайтуу максатында интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын бүтүндөй тармагы аныкталып, бөгөт коюлду.

Белгилүү болгондой, жаш кыздарды тартуу менен жана аларды зыяндуу таасирге дуушар кылуу менен сойкулукту уюштуруп, “калкалоочулук” кылган кылмыштуу элементтер.

Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрынан 26-ноябрына караган түнү Бишкек шаарынын бир катар даректеринде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткан жерлерде 10 сойкукананын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 жеңил ойлуу кыздар, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалган.

Сойкуканаларда администраторлор иштеп, алар иштеген убактынын жана кардарлардын эсебин алып турганы аныкталды. Ал эми тинтүү учурунда бул мекемелердин ишинин мүнөзүн ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (“Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдардын бейформал колдоочуларын аныктоо боюнча максаттуу ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасы катары Кыргыз Республикасынын УКМКсы кармалган сойкуканалардын ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт.

УКМК: Сойкукананын ишмердүүлүгү токтотулду — YouTube

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button