ИИМ: Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыктын кызматкери пара берүүгө шектелүүдө
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгында коррупциялык кыянаттык фактыларын аныкташты. Тергөө тапшырмасынын негизинде зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусуна ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери жөнөтүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчилеринин бири аныкталган бузууларды жашыруу максатында андан ары текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири өлчөмдө акча каражатын пара катары сунуштаган.
Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси “Пара берүү” менен кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 24-ноябрь күнү Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгында жетекчилик кызматты ээлеген жаран Ш.А. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерине 320 000 сомду пара түрүндө берген учурунда кармалган.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
ИИМдин Басма сөз кызматы