Коом
Улуттук банк программисттерди жумушка чакырат. Талаптар
Улуттук банктын «Санарип сом» долбоордук тобу программисттерди жумушка чакырат. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы билдирди.
Жумуш издегендер резюмесин 1-февралга чейин [email protected] электрондук дарегине же (0555) 66 58 40; (0999) 03 02 91 WhatsApp тиркемесине «Долбоордук топко» деген көрсөтүү менен жөнөтсө болот.
Программисттерге төмөнкү талаптар коюлат:
— жогорку техникалык билим;
— IT тармагында бир жыл же андан көп иш тажрыйбасы;
— жок дегенде бир нече программалоо тилин билүү, блокчейн-технологиялар, токен, акылдуу контракт жана башка тармактагы билимдер кабыл алынат;
— документ менен иш алып баруу деңгээлинде англис тилин билүү.
Жумуш тууралуу толук маалымат алуу үчүн (0312) 66 90 56 номерине кайрылууга болот.