КеңешКоом

Улуттук банк телефон аркылуу алдамчылык фактылары жөнүндө эскертет

Кыргызстандын Улуттук банкы телефон аркылуу алдамчылык фактылары жөнүндө эскертет.

Финансылык көзөмөл органынын маалыматына таянсак, Улуттук банктын дарегине алдамчылык фактыларына дуушар болгон жарандар кайрылууда. Алдамчылар жарандарга телефон чалып, өзүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай себептер менен алардан өзү жөнүндө жеке маалыматтарды, картасынын реквизиттери, CVV/CVC коддору ж.б. жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүшкөн.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан жарандардан эч кандай жеке маалыматтар жана купуя маалыматтар талап кылынбай тургандыгы жөнүндө эскертет.

Ошондой эле Улуттук банкта жарандарга эсеп ачылбай тургандыгын, жеке адамдарды тейлөө жана калк менен акчалай эсептешүүлөр ишке ашырылбай тургандыгын билдирет.

Ушул себептен КР УБ жарандарды сак болууга чакырып, алдамчыларга жеке маалыматты бербөөнү өтүнөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button