Кылмыш-кырсык

УКМК: Интимдик кызмат көрсөтүү боюнча жарнактарды тартууга катышкан алдамчылар аныкталган. Видео

УКМК тарабынан Талас областтык ИИБ менен бирдикте Талас областынын аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Инстаграм» социалдык тармагы аркылуу интимдик кызмат көрсөтүү боюнча жарнактарды таратуу иштерине бөгөт коюулду.

Белгилей кетсек, «intim_07_tls» аккаунту аркылуу интимдик кызмат көрсөтүү боюнча жарнактарда беттери жабылган кыздардын сүрөттөрү тиркелип таратылып жаткандыгы аныкталган. Ошол эле учурда жогорудагы аккаунттун администратору интимдик кызмат көрсөткөн кыздар күтүп турган даректи алуу үчүн алдын ала 500 сомдон 2000 сомго чейин акча которууну суранган.
Бирок акча каражатын алгандан кийин ар кандай шылтоолор менен мурда убада кылынган шарттардан баш тартып, байланышын токтотушкан.
Бул факты боюнча чогултулган материалдар Маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында Бишкек шаарынын аймагында интимдик кызмат көрсөткөн Т.К.Э, Т.Г.А, К.Н.К аттуу төмөнкү адамдардын тиешеси бар экени аныкталган.

Муну менен катар, акча каражаттарын накталай берүү менен алектенип, мыйзамсыз иш аракеттерге катыштыгы бар делип С.К.А. аттуу жаран дагы аныкталган.

Аталган адамдарга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алар мындан ары мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө убада беришти.
Учурда КР УКМК жана ИИМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан интимдик кызмат көрсөтүүгө тиешеси бар адамдарды жана сойкуканаларды кармоого катышкан жарандарды аныктоо иштери уланууда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интимдик кызмат көрсөтүүчү адамдар жөнүндө же кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөн жерлер жөнүндө маалыматы бар жарандарды 0312-66-04-75 телефон аркылуу токтоосуз билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button