Кылмыш-кырсык

УКМК: «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылды

УКМК тарабынан Ысык-Көл облустук ИИБ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 30-январында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун «Жети-Өгүз» ячейкасынын активдүү мүчөлөрү А.у.М., Б.К.К., Б.у.Ж., Т.А.Д., А.А.А., Ж.у.Э., К.А.Т., М.А.О., А.у.Э., Ж.Н.Ч., А.М.А., И.у.У. жана А.М.Д. аттуу КР жарандарынын жашаган жеринде соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлгөн.

Жогорудагы адамдардын жашаган даректеринен “Хизбут-Тахрир” уюмуна таандык түрдүү китепчелер, диний дептерлер, уюлдук телефондор табылган.

Ошондой эле ДЭУнун бир мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылган, алар экстремисттик маанайдагы материалдар басылып, ДЭУнун мүчөлөрүнө таратылган.

Учурда керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button