Коом

Баласына алимент төлөөдөн качкандарды 3 жылга чейин камоо сунушталды

Азыркы мыйзам боюнча, алимент төлөбөгөндөргө 20-50 миң сомдук айып салынат же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Юстиция министрлиги ушундай жазаны бир жылга чейин төлөбөгөндөргө гана колдонуу демилгесин көтөрдү. Ал эми 12 айдан ашып кетсе 50-100 миң сомдук айыпка жыгып, бирден үч жылга чейин эркинен ажыратууга белсенген. 

Бирок депутаттардын көпчүлүгү өкмөт аша чаап кеткенин белгилеп, жазаны жеңилдетүү же башка түрүн колдонуу керектигин айтышты. Мисалы, Дастан Жумабеков автоунаа айдоого тыюу салууну сунуштады. 

Натыйжада мыйзам долбоорун оңдоп-түзөө менен биринчи окууда колдошту. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button