Коом

«Манас» аэропортунун акцияларын сатып алуу сунушталды

Кыргыз фондулук биржасында “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын акцияларын сатуу боюнча сунуш жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, акциялардын саны 648 даана, ал эми бир акциянын баасы 849 сом. Жалпы суммасы 550 миң 152 сомду түзөт. 

Белгилеп кетсек, 26-январда аэропорттун акциясынын баасы бир сомго кымбаттаган. Муну менен бирге, Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы боюнча, жайгаштыруу баасы 17,84 сомду түзөт. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button