Коом

Коронавирустан айыккандар кайра карантинге алынбайт

Кыргызстанда коронавирустан 78 киши айыгып чыкты. Илдеттен сакайып чыккандар кайра карантинди улантпайт.

Коронавирустан айыккандар кайра карантинге алынбайт. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Коронавирус жуктуруп алып, бирок лабораториялык текшерүүдөн анализдери терс чыккандан кийин алар кайра карантинге алынбайт. Жалпы шарт менен эле жүрө берсе болот. Эгер ден соолугунда кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болсо, жергиликтүү медициналык мекемелерге кайрылып, кайра изилдөө жүргүзүлүшү мүмкүн», — деди Үсөнбаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button