Кыргыз эстрада ырчысы Самат Дөөлөтбаков жана коомдук ишмер, саясатчы , ырчылыкка жаңыдан аралашып келе жаткан Нурлан Мотуев экөөсү Орусиялык ырчы, композитор жана алпаруучу Игорь Корнелюктун “Дожди” аттуу ырын кавер ырдап чыгышты. Бул тууралуу Самат Дөөлөтбаков өзүнүн баракчасына жазды.

⠀“Достор, биздин каверди олуттуу кабыл албай, жакшы ниет менен кабыл алыңыз. Нурлан Мотуев байке да, мен дагы профессионал ырчылардан эмеспиз, ырчылык билимибиз жок, ырдоо – биздин хоббибиз. Андыктан жөн гана жакшы маанай жана позитив берели деген ойдо ырдадык. Эгер жаман сөз камтыган, сөккү комментарий боло турган болсо, дароо блокко кетесиз. Эскерттим. Бирок, “адекваттуу критикага” ачыкпыз. Алдын ала рахмат,”-деген ырчы.

https://www.instagram.com/p/CBCgoEsAoE2/?utm_source=ig_web_copy_link