Режиссёр, актриса Ырыс Жоомартова уулун үйлөдү

Режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартова уулун үйлөп, келиндүү болду.  Тойду карантин шартында өткөргөн Ырыс айым конокторду ресторанга, үйгө бөлүп чакырууга туура келгенин айтат.

10-июнда уулум Айбек үйлөнүп, Наргиза аттуу келиндүү болдум. Уулум менен келиним чет өлкөгө жумуштары боюнча кете турган болгондуктан тойду кыска убакытта жасадык. Үлпөт той 10-июнда болуп, анда ресторанга кудаларыбызды, туугандарыбызды жана досторубузду чакырдык. Ресторандын администрациясы коноктордун санын, аты-жөнүн тактап туруп тойканага киргизди. Калган катташтарыбызды үйгө бөлүп чакырып жатабыз“, – деди ал.