Алып баруучу Эркин Рыскулбеков өзүн жаман сезип экинчи ирет коронавируска тест тапшырды. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

“Төрт күндөн бери даам жана жытты сезбей жатам. Түндө чыйрыгып, өзүмдү жаман сезип 118 кызматына чалдым. Бир саат аралыгында келишти. Анализимдин жыйынтыгы 2 күндөн кийин чыгат дешти. Рахмат дарыгерлерге. Өзүңөрдү карагыла”, — деп жазган Рыскулбеков.

Эскерте кетсек, 17-июнда Рыскулбековдун эжесине жана анын балдарына коронавирус жукканын өзү ачыктаган. Анда Рыскулбеков вируска каршы тест тапшырып, анын жыйынтыгы таза чыккандыгын тастыктаган сүрөт жүктөгөн эле.