Коом

Эртеңден тарта Ош облусуна кирип-чыгууга тыюу салынат

Эртеңден тарта Ош облусуна кирип-чыгууга тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Соңку эпидемиологиялык кырдаалды эске алып облус жетекчилиги бир катар карантиндик чектөөлөрдү киргизген.

Алар төмөндөгүдөй:

  • 10-июлдан облустар аралык каттамдар токтотулат;
  • Ар бир райондун кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт;
  • Базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү дезинфекциялоо үчүн жабылат;
  • Эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чараларды, аш-тойлорду өткөрүүгө тыюу салынат. Жаратылышка эс алууга барууга да уруксат берилбейт;
  • Чектөөлөргө баш ийбей той-маараке өткөргөндөргө, дары-дармек жана азык-түлүктүн баасын жогорулаткандарга катуу чара көрүлөт;
  • Ош облустук казыятка жума намаздарды токтотуу тууралуу сунуш берилди;
  • Бүгүнкү күндө Ош облусунда 614 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталган. 1 500дөй киши үй карантининде. Өткөн сутканын ичинде облустун 18 тургуну коронавируска кабылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button