Коом
Марска зондду ийгиликтүү учургандыгы үчүн НАСА БАЭни куттуктады
НАСА башчысы Жим Брайденстайн алгачкы «Аль-Амаль» («Үмүт») араб зондунун Марска ийгиликтүү учурулушуна байланыштуу Бириккен Араб Эмираттарына куттуктоо жолдоду.
Буга чейин БАЭ инженерлери тарабынан курулган «Үмүт» космостук зонду 15-июлда учуруу пландалган менен япон аралындагы жагымсыз аба ырайына байланыштуу жылдырылып келген.
Толугу менен араб окумуштуулары тарабынан конструкцияланган зонд окумуштуулардын айтуусу боюнча 2021-жылы Кызыл планетага жетет. Бул БАЭ тарабынан белгиленүүчү мамлекеттин курулгандыгынын 50 жылдык мааракеси менен дал келет. Эмират бийлиги бул окуяны Марска болгон алгачкы араб миссиясы деп атоодо.