Коом

Эмгек рыногунун талаптары менен кесиптик билим берүүнү шайкеш келтирилүрүүдө

Билим берүү жана илим министрлигинде эмгек рыногунун талаптары менен кесиптик билим берүүнү шайкеш келтирүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Заманбап эмгек рыногу колледжди аяктоодо иштин теориялык гана эмес, ошондой эле практикалык көндүмдөрүнө ээ болгон жаңы адистерди талап кылууда. Компетенттүүлүккө карата талаптардын бардыгы «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында аныкталган артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер үчүн БИМ тарабынан иштелип жаткан эксперименталдык билим берүү программаларында чагылдырылган.

«Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында суроо-талапка ээ кесиптерди жана адистиктердин тизмесин түзүү үчүн регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунушту талдоо методологиясы иштелип чыккан.

Регионалдык эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистиктерди жана кесиптерди аныктоо үчүн аталган методологиянын негиздери боюнча пилоттук колледждердин кызматкерлери окутулду.

Ошондой эле, эксперименталдык окуу программалары пилоттолуп жаткан окуу жайларында окутууга карата жаңы ыкмалар – ишкердик боюнча модуль, жумуш ордунда окутуу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана заманбап ыкмалар боюнча мастерлерди даярдоо ишке киргизилүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button