Коом

Тихановская өлкөдөн чыгарылып кетти…

Белоруссиянын президенттигине талапкер Светлана Тихановскаянын ишенимдүү адамы Ольга Кавалькованын билдирүүсү боюнча белорусь бийлиги Тихановскаяны өлкөдөн чыгарып кеткен.

«Светланада арга калган жок. Эң башкысы экөө тең аман. Азыр чогуу жүрүшөт. Ошондой болсо да, Светлананын командасынын бир бөлүгү дагы деле барымтада. Бирок, мен бардык белорустарды зордук-зомбулуктардан баш тартып, Тихановскаянын жеңишин мыйзамдуу жол менен кайтарып алууга чакырам»,-деп кошумчалаган Ковалькова Tut.by порталына берген маегинде.

Белгилей кетсек, Белоруссиянын президентин шайлоо 9-август күнү өткөн. Шайлоо участкалары жабылгандан кийин республиканын бир катар шаарларында башталган нааразылык акцияларына каршы милиция жана ички аскерлер көздөн жаш агызуучу газ, ошондой эле желим окторду колдонгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button