Кыргызстанда инвесторлорду колдоочу долбоор иштей баштады

33

Кыргызстанда инвестицияны колдоо жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча өкмөт менен Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) кызматташуусу башталды. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Эки тараптын ортосундагы келишимдин ишке ашышына шарт түзгөн буйрукка кыргыз өкмөтү тараптан 21-август күнү кол коюлган.

IFC менен Экономика министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттиги түздөн-түз иштешет.

Долбоордун негизги максаты — республикада инвесторлорду коштоо системасын жакшыртуу жана эки тараптуу инвестициялык келишимдердин сапаттуу ишке ашышын камсыздоо.

Ошондой эле долбоордун алкагында Кыргызстандагы туризм тармагы тыкыр иликтөөгө алынып, артыкчылыктуу делген эки сегментке колдоо көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, административдик процедуралар боюнча электрондук реестр түзүлүп, андан бизнес кылгысы келген бардык тараптар керектүү маалыматтарды ала алат.