Коом

К.Боронов Орусиядагы көпүрөнүн кулашынан улам жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүү тапшырмасын берди

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы элчиге Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, анын кесепетинен жаракат алган кыргыздарга жардам берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчы элчи Аликбек Жекшенкуловго кырсыктын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүү, аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды.

Ошондой эле жаракат алган мекендештердин дарылануусун Кыргыз Республикасынын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи.

Муну менен катар кырсыктын келип чыгуу себебин иликтеген Орусиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып туруу жана алар менен биргеликте иш жүргүзүү тапшырмасын берди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button