Фейсбук социалдык тармагында, айтылуу акын Элмирбек Иманалиевдин эч жерге чыкпаган ыры жарыяланды. Ыр саптарда акын сагынычы, кусагылыгы тууралуу жазат.

Бул жашоодо ким өксүп, ким жаңылды?

Букка толуп ким күйүп, ким сагынды?

Арзуу ырын кимдер ырдап ким укту,

Ашыктыкта кимдер кимге таарынды?

Бир мен үчүн мындан өткөн кайрым жок:

Билсем болду бул дүйнөдө барыңды!

Бир топ жылдар баары окшош, бирдей күн,

Өткөн өңдүү өзөгүмдөн зилдеймин.

Сезимдерим көшүп кетип көп мезгил,

Сен жок кантип жашап келгем… билбеймин?

Батсам дагы сан түйшүккө не бирде,

Бактым тоонун көк тиреген чегинде —

Балбылдаган байрак болуп желбирейт,

Бар экениң эстей калган кезимде.

Эми өзүмдү бекем байлап күтүүгө,

Жашайм чөгүп сагынычтын күчүнө.

Мен бул түнү сага арналып саргаям,

Кирип кетчи, жок дегенде түшүмө.

Ыр саптар Фейсбук колдонуучусу  Мунара Алимжан кызынын баракчасынан алынды.