Ал ичип кетти. Көп ичти. Эртең менен бөтөлкөнүн оозунан арактан жутуп алмайынча төшөктөн тура албай калганын өзү да байкабай калды. Адегенде виски, коньяк, анан аракка өттү. Күйөөсү жаш, ден соолугу мыкты, төрөлөөр баласына эне боло турган аялга кетип калганда, ал жатаарда гана эртерээк баарын оңой унутуп уктап калыш үчүн, анан эсеп-кысап отчетторундагы кайта-кайта кетирген каталары үчүн жумушуна жаман көрүнө баштаганда, ал күндүз да иче баштады.

Андан кийин кечигүүлөр, жумушка келбей калуулар башталганда мурдагы курсташы, начальниги өз каалоосу менен деп арыз жаздырып, иштен бошотуп салды. Жок, адегенде жакшы эле кыйнады, үйүңдө кандай, күйөөң менен жакшы элесиңби, үйдө бааары ордундабы, күйөөсүнө кезигип сүйлөшүп да көргүсү келди, жакын болбосо да тааныш эле, кез-кезде бирге балык уулашып, токойго козу карын тергенге бирге барып калыша турган.

Ал болсо безеленип, бардыгы жайында, мамилелери сонун, мурдагыдай эле бири-бирин жакшы көрүшөөрүн айтып, күйөөсү азыр командировкада экенин, күндө телефон чалып тураарын, келгенде сөзсүз дагы бирге чогулабыз деп ишендирип салды. Начальник буга кубанып ишенди, чындыгында бирөөнүн көйгөйүнө аралашкысы деле келген эмес.

Иштен бошонгондон кийин, акчасы түгөнө электе тынчыраак жашап, ичкилик деле сатып албай калды. Үйүн оңдолоп, анча-мынча буюм сатып алды, а түгүл бир ирет театрга да барып келди. Күйөөсү кетип калган күнгө караганда, үмүтсүз айла кеткендей болбой, бир аз жеңилдегенсип калды.Күйөөсү менен институттун үчүнчү курсунан баштап жыйырма жыл бирге жашады. Үчүнчү курста боюнда болуп калды, ал болсо убагынан мурун келип калган “кубанычтан” арылууга көндүрдү. Ал жакшы эле каршылык кылды, Көпкө чейин. Ал окуп да, экөөнүн студенттик оокатын да кылып үлгүрөт, баланы да бага алат, экөөбүздүн колубуздан келет деп жакшы эле далилдеди. Ал өз айтканынан кайткан жок. Аборт, болду! Бул өз баласы эмес, башка бирөө менен ойноп тапкандай эле кылды. Эң акыркы мөөнөтү мүмкүн болгондо алдырып салды. Башка боюна бүткөн жок.

Эми жашы кыркка жетейин деп калганда күйөөсү абдан балалуу болууну каалады, дайыма ал төрөй албагандыгы менен кекетип жемелей берет, бул бактысыздыкка өзү түрткөнүн унутуп койгон. Доктурдун баарына барды, бардык болгон жан кыйнаган процедуранын баарынан өттү, чиркөөгө да барды, барса төрөйт деген дары сууларга да барып түштү, эч нерсе жардам бербеди, башка боюна бүтүрө албады… Эми болсо, жарым жыл мурун жумушундагы бир салтанаттан кийин күйөөсү үйгө түнөгөн жок, ал менин тукумумду улай турган, эркек төрөп бере турган аял тапканын, андан кетип жатканын баса, пафос менен айткандай сезилди… Ортолорунда өткөн жыйырма жылда бирге көргөн ысык-суугун, ачуу-таттуусун такыр чийип туруп, буюмдарын алды да жөн эле кетип калды, ал болсо… аял болсо тап-такыр ичип кетти…

Акыркы бир нече күндө, жумага жакын, кризис өтүп кеткендей сезилди, өзүнө келе баштады. Эми жумуш издей баштады, илгери эле унутулган тааныш-досторуна телефон чалды, бирок эч ким ага жардам бере алган жок, ушундай мезгилге туш келген экен, жумуштан ажырап калуу оңой, а жаңысын табуу кыйын, мүмкүн эмес да экен. Бир күнү күйөөсү келип батирди алмаштырбасак болбойт, ал жакында балалуу болот, демек алмашканда түзүк варианты ага тиешелүү, ага бир бөлмө жетет, жалгыз кишиге, деди. Ал каршылык деле кылган жок, талашкан да жок, ага күчү да жок эле.

Ага тийген бөлмө буга чейин эч ким жашабаган, ыплас, ыпыр-сыпыр толгон кенедей неме экен. Ошончолук жанын кейиткен, кыйкырып ыйлаганга жеткиргендей ыза болду. Дагы барып, аз да бул азабын убактылуу болсо да унутуп ичип алгысы келди. Бирок колунда калган бир аз акчага жашаган жерин оңдоп-түздөп, ремонт жасап, керектүү нерселерди сатып алууну чечти. Күн-түнүнүн көп убакытын бөлмөнүн ремонту менен жумуш издөөгө жумшаган ал, эскерүүлөр менен таарынычы жеңилдеп, кечте, түндө жанын кейиткен ыза кете баштаганын, кыйнабай калганын сезди. Бир күнү анын бактысына жолу болду, аны негизги жумушчусу декреттен чыкканча деп убактылуу бир турфирмага бухгалтер кылып кабыл алышты. Ал бактылуу эле. Ушунча жарым жыл бою азап тарткан убарачылыктан кийин ага бардыгы жакты, начальниги да, бирге иштегендер да, абдан көп жумушу да.

Турагентстводо иштегендердин баарын таң калтырган жагдайлардын аркасында, ал ишке келгенден кийин, фирманын иши оңоло баштады, туристтик чөйрө жогорулай баштады. Фирма гүлдөп, өнүгүп, байый баштады. Фирманын кызматын пайдалангандар өз туугандарына, тааныштарына сунуштай баштады. Аял тез эле менеджер, анан фирманын бир башкаруучу болуп калды.

Азыр ал кырктардагы, өзүн кылдат караган, абдан кызыктуу айым эле. Ага көңүл бура башташты, бирок ага баары бир эле, күйөөсүнөн алган жаракат толук айыга элек болчу. Ал азыраак кредит алып өзүнө өтө жагып калган батирди сатып алууну ойлоно баштады.Батирди сатып алууга даяр болуп, акыркы документтерин тактап, кол коюу гана керек болгон кезде үч жаштагы баласын көтөрүп күйөөсү пайда болду, батирин, үй-ичин кошо сатып жиберип аялы башка эркек менен дайынсыз жакка кетип калды, деп айтты. Эмне кылып, кайда бараарын, андан башка кимден жардам сураарын да билбейт…

Күйөөсүн кечирүү кыйын, мүмкүн эмес эле, бирөөнүн баласын кабыл алыш андан кыйын, бирок жардам бербей аларды көчөдө калтыра албайт эле, анын жүрөгү да, жан дүйнөсү да, уяты да жол бербеди… Бир канча жумадан кийин бала үчкө толмок. Эч качан балалуу болуп көрбөгөн ал, ага камкордук кыла турган кичине бала бар экенине кыйындык менен көндү. Деги эле, ушунча жыл жалгыз жашап жүрүп, таң атканда, же кеч киргенде да өзүңдөн башка өзгөчөлүгү менен жаныңда дагы бирөө болушу мүмкүн экенин такыр унуткан экен. Ал өзүн, бул көпкө созулбайт, убактылуу, жакында жаңы батирге көчөт да эскисин мурдагы күйөөсүнө баласы менен калтырып кетет деп тынчтандырып келди да бул дайынсыз абалдан кутулам деп ойлоду. Күйөөсү эч жерде иштебейт эле, иш издеген оюна да келбегендей. Кечке чейин баласы менен үйдө. Дайыма кечки тамакка аны күтөт, баланын арзыбаган кийим-кечесин жууп батареяга жайып коёт. Аял болсо күндө азык-түлүк, тамак-ашын көтөрө келет, даярдап отургусу келбейт.

Жаңы батирдин документтерин толук бүтүрөөргө келгенде бул бөлмөнү бошотуш керек болду, себеби келишим боюнча башынан эле жаңы батирдин төлөмүнө кирген экен. Демек көчкөндө баары чогуу көчүшү керек. Тагдырдын мындай сыноосун күткөн эмес эле. Раскладушкада жаткан күйөөсүнүн капарсыз мемиреген коңуругун угуп, түнү бою уктабай чыкты. Эмне кылуу керек… эмне кылам… жаңы батирге мындай “үй-бүлө менен” көчкүсү келген жок. Бул батир, жумушу, азыркы жумуш абалы, анын башына түшө калган туугандары менен айкалышпай турду.

Көчкөндөн кийин күйөөсүн кийинтип, чач тарачка алып барып, баланы бүт жаңы кийиндирип, жаңы үйдүн чакан тоюна келген коллегаларына мурунку күйөөсүн баласы менен киргизип алууга жагдай муктаж кылды деп тамаша менен тааныштырууга туура келди. Жаңы батир укмуштуудай жакшы, эки чакан бөлмөсү, эң эле кенен күхня-конок үйү, чоң балкону, муну терасса деп койсо да болгудай, эки туалет жана душ кабинасы менен эле. Мындый сонун үйгө эски эмеректерди ала келгиси жок эле, бирок акчасы жетпегендиктен кээ бирин алууга туура келди. Бир жерге уктай турган, анан жашай турган нерселерди да ордуна коюш керек эле. Күйөөсүнө батир абдан жакты, баары өз колуңдан келди, азаматсың деп мактап, сүйүндү.

Бирок өзүнүн пландары жөнүндө эч нерсе дебеди, аны менен мамилесин өзгөрткөнгө да аракет кылбады, эркек катары эч кызыгуусу болбогондой, сыягы кичинекей эле ага карата кыймылы аны көчөгө калууга алып келет деп чочулады окшойт.Бала болсо ага улам жакын боло берди, өзү да байкабастан ага байланып калды. Балага бирдеме сатып бергенден, аны менен кыдырып сейилдегенден рахат алаар эле. Аны бала бакчага орноштурган биринчи күндөрү группасына кайра-кайра тынчсызданып телефон чала берчү.

Ошентип жарым жыл кыйналды. Бир күнү күйөөсүн полицияга чакырып, аны менен мыйзамдуу никедеги , баласынын энеси, өлкөдөн тышкары бир жерде автокатастрофага туш келип, кайтыш болгонун билдиришти. Күйөөсү катуу кайгырды дебейм, чындыгында бир аз акча сурап алып бүт керектүү формалдуулуктарын аткарды, дагы эле эч жерде иштеген жок эле, керели кечке телевизор алдында диванда отурат. Бир күнү компьютер менен пайдалангысы келген экен, дароо техникалык алдын алуулар менен башкалар кире алгыс кылып салды. Баласына кандай мамиледе экенин көрүп, күйөөсү экөөнүн жалган никеге болсо да туруп коюусун суранды, мурунку мамиле кайтарууга болбосун түшүнсө да балага мыйзамдуу эне болсо жакшы болот эле деди.

Дагы убакыт өтө берди. Күйөөсү абдан арыктап, картая түштү. Ал дарыгерге баргын деп айтып жатты, акча да берди, бирок ал барган жок.Бир ысык түндөрдө, уйкусу качып, деңиз боюнда эс алууну самап, балконго чыкты, күйөөсү анда отурганын адегенде байкаган жок. Биринчи жолу экөө жылуу кепке келип сүйлөшө кетишти. Ал анын жашындагы эркектердин көбүн алып кеткен айыкпас дарт менен ооруганын айтып берди, ошондуктан аялы качып кеткенин, ошол себептүү жумушка орношууга аракет кылбасын, аны менен мамилесин өзгөртүүнү ошондуктан каалабагандыгын, так ошол себеп менен жалган никеге турганын суранып жатканын, баласынын келечегин ойлоп санаага батканын айтып берди.

Аял бардыгын түшүндү…, үрөйү учуп кетти… жүрөгү булкуп, токтоп калчудай сезилди. Бирок кейип-кепчий турган убакыт жок эле.Таң атпай ал ишке киришти. Эң керектүү иштердин тизмесин түзүп, тезирээк аткарыла турганын керектеп, жумушуна телефон чалды, ага ыраазы болуп кеткен клиенттерине да бир нече телефон чалды, бул жолу тезинен, токтоосуз никеге туруу үчүн жана шаардагы эң мыкты онкологдун консультациясына барганга. Аял абалды өз агымы менен коё бергиси келген жок. А

л балага энелик укугун мыйзамдаштырып, мүмкүн болушунча күйөөсүнө жардам берүү керек эле, муну ал өтө так билген!Ойго келген жана келбеген жаман божомолдор анализдердин жыйынтыгынан кийин такталды. Алдыда татаал операция , операциядан кийинки дарылануу жана кабылына келүүнүн узак жолу турган эле. Ал дарыгер менен сүйлөшкөндөн кийин ооруканадан кетип бара жатып жаман ойлоп, бузук эмоцияга берилбеске аракет кылды. Кокустан башына түшкөн боло турган кыйын сыноолордөн өзүн аяп да кетти., ал эркин эле, ушунчалык кыйынчылык менен тапкан эркиндигине макул болуп, жашоосун кичинеден жыйнап, ордуна коюп, иштеп, жакшы иштеп таап, өзү каалаганына, эңсегенине жетем деген кезде…

А бирок ал, жашоосун экинчи жолу таптакыр өзгөрткөн адам, андан да аянычтуу эле. Ал өмүрүн сактап калыш үчүн далай кыйын сыноолордон өтүш керек болгон. Канчалык начарлаган сайын ал ошончолук жашагысы келди, ошончолук көздөрүндө адам чыдагыс кайгы, коркунуч, муң, жашооң кылдын учунда турганы… а түгүл күчтүү дарылар менен гана басылган адам чыдагыс ооруну ал эрдик менен көтөрүп жатты, жашагысы келгени ачык көрүнүп турду. Оорукананын керебетинде жаткан, арыктап өңү саргыч тарткан, мурдагы сулуу жүзүнө окшобогон өңүн көрүп, өзүңдү унутуп, болгон күчүңдү жыйнап, көрсө сага канчалык азапты алып келип көңүлүңдү калтырган болсо да жалгыз эң жакын адамың үчүн күрөшө турганын түшүндү, аял.

Ал жашоону кантип туура уюштуруш керек экенин ойлонду, сөзсүз иштүү керек, банк эсебинде акчаң өтө аз, ай сайын ипотекага да төлөш керек. Көп иштеш керек, бирок төрткө чыгып калган эми өзүнүн мыйзамдуу уулуна да караш керек. Күйөөсүнө жакшы, ыңгайлуу палатага да төлөө зарыл. Дарылар… аларга да аз эмес акча керек. Коллегалары менен достору колдорунан келген жардамдарын берип жатышты, себеби өзү да убагында эч кимден жардамын аяган эмес. Ал көбүрөөк акча тапканга жумушунан кошумча ставка алып иштеп жатты жана кошуна студент кыз менен баласын кечинде бала бакчадан алып койгонго бир аз акы төлөмөк болуп сүйлөштү. Эртеси эле тиги кыз акчасын бир жума мурун алса да, таптакыр унутуп коюптур.

Чыныгы эне баласын бакчага калтырбайт деп кечинде кыжырданган үн менен чалышты. Мындай кыйынчылыктар менен баш аламандыктар күндө эле болот, аларды да чечиш керек болду. Күнүгө ооруканага барат, жумушунда эки ставка, бала жатаарда да аз болсо да көңүл буруп, сүйлөшүп, жомок окуп берип дегендей. Бул да чынында кийинчерээк колунан келбей калды, чарчаганы ушунчалык, ичпей, жебей төшөккө кулайт. Бир күнү бала бакчадагы тарбиячы кечинде нянянын кереги жок беле деп сурап калды. Анын пенсиядагы эжелери азыр бош эле, жалгыз жашайт, жакын эле жерде.

Бул сунуш өтө жолдуу болду. Кийин ал пенсионерка эжекеси көп жылга аларда калып үйгө эле жардамчы болбой, балага нянядан тышкары үйдүн мүчөсү, акылман жубатуучу, жардамчы колдоочусу болду.Күйөөсү көпкө дарыланды, операция биринин артынан бири оор терапия, андан да оор процедуралар менен коштолуп турду. Ал колунан келишинче колдоп, бардык мүмкүнчүлүктөрү менен жардамдашты, аз убакыттарда ооруканадан чыгарып үйүнө, атайылап ыңгайлаштырган, ооруканага окшобогон, телевизор менен ноутбук бар бөлмөгө жайгаштырды. Алар өтө жакын болуп кетишти, көп аңгемелешээр эле, ал күйөөсү жөнүндө мурда биринчи жолу билбеген көп нерселерди билди. Ал кайтып кеткенде ушунчалык орду толбос кайгы тартты, кадимкидей жалгыздыкты, жетимдикти сезди. Бул кайгы, бул жоготуу сезими, ал баягы үйсүз-жайсыз, жашоосун талкалап, таштап башкага кетип калгандагы адам чыдагыс кайгы менен салыштырууга болбос терең эле.

Эми анын уулу калды, анын уулу, өзүнүн да уулу, бул керемет эки адамдын маанисиз, узакка созулган, ажырашып, кайта табышкан, өз балдарын жоготуп ажыраган, абдан оор сыноолордон жана ичкиликтен өткөн, жардылык менен узакка созулган дарттан… ушунун баарынан татыктуу өтө алган, мурдагы таарыныч-ызаларды эске калтырбай өткөн… жана адам боюнча калган укмуштуу керемет эле.