Булут болуп көккө чейин барышкан,
Ыйык кылып өзүлөрүн табышкан.
Жаздыгына гүлдүн жытын себишип,
Жакындарын жакут төшөп багышкан.
Эртеңкинин тамырына балта чаап,
Эл бакчусун торго камап чалышкан.
Эсеп берер кыяматты унутуп,
Эл бактысын менчик кылып алышкан.
Кара басып, күнү бүтүп турса да,
Кан тактыдан колу чыкпай карышкан.
Уудан кайткан тайгандардай шыйпаңдап,
Увазирлер жалган айтып жагышкан.
Түбүң түшкүр падышалар жолу ушул,
Түбөлүктүү бактысынан тайышкан.
Көкүрөктөр түпкүрүнөн үн чыгат,
Качан келет калкка күйөөр даанышман.
Үшүк алган жан дүйнөлөр жылыбай,
Үмүт гана бүлбүл жанат алыстан…
Жеңишбек Жумакадыр