Каниет (аңгеме)

Шашканда сааттын жебеси да жүгүрүп калат эмеспи, бул ирет дагы кечикти. Саат 18:40. Бала бакчага далдактап шашып кирип келген Сапар жалгыз калган уулун көрүп өзүн күнөөлүү сезип кетти. Аңгыча тарбиячы Айнаш Болотовна келип кыйкырып уруша баштады.
– Силер кандай немесиңер, балаңар бар экенин унутуп каласыңарбы? Менин да үй-жайым, бала-бакырам бар, сени күтүп соксоюп отура беремби. Эрте келбейсиңерби. Сага канча жолу эскертем? Минтип дагы кеч келе турган болсоңор балаңарды эшикке чыгарып коём!- деп кыйкырып, кирип кетти. Кичинекей Эмир көздөрүн алайтып эжекеси кеткен жакты бир карап, атасын бир карап күрмөсүн кийип жатты.
Күнүгө атасынан ар нерсени сурай берген балакай бүгүн үйгө жеткиче үн катпады. Аны бир ой түйшөлтүп турган эле. Бөлмөсүндө кийимдерин алмаштырып жаткан атасына келип:
– Ата, бүгүн балдардын баарын апалары алып кетти. Менин апам кайда, ал бизге эмнеге келбейт? Ал мени сагынбайбы?- деп суроо артынан суроо узата берди. Сапар бир күнү бул суроону угарын билген, бирок мынчалык эрте болот деп күткөн эмес. Жообу да даяр эмес эле. Көздөрүн балбылдатып, үмүт менен тиктеп турган уулуна “апаң сени таштап кеткен” деп айта алмак беле? Алдагандан башка чарасы барбы?
– Келчи бери. Сен антип ойлобо, апаң сени сагынат. Ал алыс жакта иштеп жүрөт. Сага өзү жүргөн машина, көп оюнчуктарды алып келет, экөөбүз жыргап ойнойбуз.
– Качан келет?
– Апаң жумушу бүткөндө келет, сен ыйлабай жакшы бала болушуң керек,- деп уулун бооруна бекем кысып алды. Ичи туз куйгандай ачышып кетти. Эмир 4 жашка эми толду, балдардан башкача, өтө зирек, баамчыл. Эжекесинен уруш угуп келген атасын аяп, быйтыйган колу менен анын жүзүн сылап, сыналгы турган бөлмөгө чуркап кетти. Сапар шалдайып отуруп калды. Өткөн күндөрдү эстеди, эстебей калган учуру өтө сейрек.
Жанара менен сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Экөөнүн таттуу махабаты узакка деле созулган жок. Жарым жылча эркелешип жашагандан кийин жашоонун маңызы кеткендей кыжыңдашып уруша башташты.
– Мен Түркияга барып иштеп келем. Муну сага тийгиче эле пландап жүргөм. Мени менен бар, баргың келбесе бул жакта иштей бер, мен кетем.
– Жанара, койчу, сага эмне жетишпей жатат? Бул жакта эле иштеп тур. Иштебейм десең үйдө эле отура бер.
– Мени үйгө камап эмне кыласың? Мен баары бир кетем.
“Түркияга таежемдерге кетем” деген сөздөн улам күнүнө бир маал уруш орун алчу болду. Кетем деген сөзүнөн кайтпай жүргөн күндөрү Жанара кош бойлуу экенин билди. Анда балалуу болуу, аны багуу тууралуу ой жок болчу. “Дагы да үлгүрөм, азыр жашмын, боюмдан алдырам” деп дегдеп турду. Сапардын үй-бүлө күтүп, балалуу болуп ынтымактуу жашасак, жубайым мени күндө үйдөн күтүп алса деген изги кыялдарын таш капты. Сүйүп жүрүп алган жубайы бат эле беттен алган, сүйлөйүн десе ооз ачырбаган ажаан аялга айланып калганына кейиди.
– Бала буту-колду кармайт. Азыр балалуу болууга эрте, алдырам.
– Алдырба, алдырам дегенге кантип оозуң барды?
– Анда эмне, төрөп, бала багып, ага байланып үйдө отуруп калайынбы? Тууган-туушканыңа кызмат кылып, эч жакка чыкпай жаныңда жүрө беришим керекпи? Мен түйшүксүз жашоону каалайм.
– Үйдө кайдагы түйшүк, менин жалгыз апам бар, ал өзү менен өзү. Сен эч кимдин кирин жууп, тамагын жасабай элесиң го.
Кыз-жигит кезинде акчасын алып, эркелеп жүргөн кыздын көздөгөнү эмне эле? Баш кошуп, бактылуу болуп, бирөөнү бактылуу кылуу эмес беле…
Акыры Жанара баланы төрөй турган болду. Төрөгөндөн кийин Сапар ага эркиндик берерин, чет жакка жөнөтөрүн убадалады. Анткен менен ичинде “балалуу болсок өзгөрөт” деген үмүтү бар эле. Оозунан чыкканын алып келип жакшы эле аракет кылды. Бирок Жанарада энелик мээрими ойгонгон жок. Чүрпөсүнүн үстүнө үйрүлө түшүп жакшы көрө албады. Өз баласына ушунчалык муздак, ушунчалык жоопкерчиликсиз караган эне болобу?
Эки жарым ай араң эмизди. “Кетем, сенин айтканың болду. Эми убадаңды аткар” деди бир күнү. Ушундай мерез адамды сүйүп, жандап жүргөнүнө өкүндү күйөөсү. Аттиң, өткөндү өзгөртө алса го.
– Апа, кантебиз? Жанаранын бала караганга такыр көңүлү жок. Кетем дегенинен жазбады, кичинекей немени кантип багабыз?
– Балам, кейибе, жумуштан чыгам, мен багам. Сен иштей бересиң. Бир баланы чоңойто албай эмне болуптурбуз? Мейли, кетсе кетсин, жайына кой. Андай мурдунан алысты көрө албаган немени кыйнап бүлө кыла албайсың.
Баары убадалашкандай болду, Сапар баарын даярдап берди. Жанара тогуз ай көтөрүп жарыкка алып келген уулун кызыл эт кезинде таштап, түйшүксүз жашоону көздөп Түркияга учуп кетти. Түйшүксүз жашоо… Тирүүлүктүн өзү түйшүк менен коштолорун эмнегедир түшүнгүсү келген жок. Бала төрөп, күйөөсүн тамак жасап күтүп алган, үй-бүлө жүгүн кошо тартышкан аял болууну каалабады. Ээн басып, эркин жүргүсү келди.
Эне-уул кичинекей чүрпөнү айланып эле жүрүштү. Эмне кылышсын, кээде чыркырап ыйласа коркушат. Анын үстүнө ыйлаак эле. Сапар жумуштан келип, тамактанып эле апасы көз ирмеп алса дейт:
– Апа, сиз эс алыңыз. Эмирди мен карайм. Кечке жаныңыз тынбайт, ооруп каласыз.
– Кой, уулум, мен үйдөмүн. Сен керели кечке жумуштасың, чарчадың да, өзүң эс ал,- дейт. Баласын аяганы менен, 3 операцияны башынан кечирген Айша апа үчүн бала багуу жеңил эмес эле. Ачка болуп чыркырап ыйласа Сапардын айласы куруп кетчү. Сүт даярдап берет, терметет. Тынч алып уктап калса кубанат. Ошентип Эмир да 1 жашка толду. Күндөн-күнгө небересинин жаңы кылыктары чыгып, чоң эненин кубанычында чек жок. Атасы жумуштан үйгө келүүгө шашат. Ага уулун күлдүрүп ойноткон ушунчалык жакчу. Эне, уул, небере. Бири-бирин карап ичинен каниет кылып калышат.
Күн жакшы башталып, жакшы бүтсө кандай сонун. Сапар адаттагыдай жумуштан шашып келип уулу жаткан бөлмөгө кирип, жерде жаткан апасын көрүп жүрөгү оозуна кептелди. Кыйкырган үнүнөн бала ойгонуп, кошуна эже чуркап жетип келди. “Тез жардам” чакырышты. Жүрөгү эбак токтоп калган экен. Үй ичи ызы-чуу түшүп калды.
– Жок, апам өлбөшү керек! Жок, силер жаңылып жатасыңар!..
– Уулум, өзүңө кел, балаңды ойлосоңчу,- деген кошунасы Кадыр карыянын сөзү Сапарды эсине келтирди. Тура калып уулун көздөй жүгүрдү. Кошуна эжесинин колунда ыйлап жаткан баласын алып, бооруна бекем-бекем кысып алды.
Мына андан бери 3 жыл өттү. Бул 3 жыл бир өмүргө тете болду. “Сени, балаңды багам деп жүрүп өлдү” деген таякелеринин сөздөрү Сапардын сөөгүнө жетчү. Кээде баарынан коргоп турган апасын эстеп өксүсө, Эмирин карап кайрат кылат. Улуу таежеси менен кошуна эжеси балага көп каралашты. Кээде акча табуу үчүн бир апта иштей койчу. Уулун бала бакчага бергенине бир жарым жылдай болду. Үйлөрдү оңдоп-түзөп иштейт. Бирде тыгында калса, бирде жумушта кармалып калат. Минтип бүгүн да баласын алууга кечигип келди.
Шалдайып отуруп калган атасынын оюн чуркап келип моюнуна асылган Эмир бузду.
– Ата, турбайсыңбы, тамак жебейлиби? Кечке отура бересиңби?
– Ооба, азыр тамак жейбиз,- деп чекесинен өөп, ашканага жөнөдү.
– Телевизордо “Тачки” болуп жатат. Мен көрүп турам.
“Уулум, сен менин тирегимсиң. Көрөр карегимсиң. Эненин ордун толуктай албайм дечи. Бирок мен сен үчүн отту да, сууну да кечүүгө даярмын. Сенин барыңа каниет кылам. Сен кейибе, сенин жүзүң күлүп турсун. Мага ошол жетиштүү”,- деп ойлоно Сапар ашканада жумуртка кууруп жатты.
Ушул үй-бүлөнүн мүчөсү болууга кудурети жетпей, эркин жашоону эңсеп, жеңил жолго түшүп кеткен эне аны күткөн уулу тууралуу ойлоор бекен? Уулун ушунчалык катуу сүйгөн ата, мыкты жолдош боло турган адамдан кол жууганын түшүнөт болду бекен? Ким билсин, балким, жеңил ою жеңил жашоого биротоло сүңгүтүп салгандыр…
Миран
Интернет булактарынан алынды