Блогер блок

«Акылың жок болсо, айыбыңды ачып, депутат болбо», — Назира Айтбекова

Менин байкаганыма караганда элдин аң-сезими, көз карашы өзгөрүп баратат. Мурун үй, унаа, кызматыбыз менен мактанып, ченешип, жарышып атсак, азыр баалуулук катары өзүн өзү издөө, таануу, жөнөкөйлүк, билим, акыл, дүйнө таанымдын кеңдиги алдыга чыгууда. «Чимкириктер» деп азыр урушуп аткан депутаттардын пайдасы да тийди. «Акылың жок болсо, айыбыңды ачып, депутат болбо», » Акча акылдын ордун дайым эле ээлебейт» деген нерселерди жакшы көргөздү. Мурун кызматка жетүү престиж, абдыракат болчу! Акчаң болсо, абдыракатың болчу! Азыр акылың болсо, барктуусуң! Коронавирус өзүбүз менен өзүбүздү тааныштырды. Мурун акчаны кымбат буюм-тайым, материалдык баалуулуктарга коротсок, эми саякаттоону, өзүбүзгө өзүбүз салым кошуш керектигин ойлоно баштадык. Өлүм менен бетме бет келгенде гана материалдык байлыктын эч нерсеге татыбасын, эң маанилүүсү эстен кеткис элестер, толуп турган акыл чөйчөк, руханий байлык экенине ишендик окшобойбу?! Дүйнөнүн тенденциясына, модасына баш ийет өңдөнөбүз акыры. Азыр билимдүү, сабаттуу, көрөгөч, даанышман, жөнөкөй, адамгерчиликтүү болгон мода! Модадан артта калбайлы!
Бул менин тереземен баш бакканда эле ушундай көрүнүп атабы, же сизде да ушундай сезимдер барбы?

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button