Коом

Бүгүн Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтөт

Бүгүн,  12-январь Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз элинин залкар обончу-композитору Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Бул күнгө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2020- жылдын 12-январында саат 12:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында салтанаттуу иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Учурда аталган иш-чарага даярдыктар жүрүп жатат. Салтанат санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт тартууланат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button