Коом

Алмазбек Бейшеналиев: Мамлекеттик жана ийгиликтүү жеке менчик мектептер ортосунуда тажрыйба алмашуу жүрүп турушу керек

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты.  Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип жаткан “Электрондук мектеп” долбооруна “Креатив-Таалимди” да өз салымын кошууга чакырды.

“Мамлекеттик жана йгиликтүү жеке менчик мектептер ортосунда байланыштын болуп туруусу зарыл. “Креатив-таалим” жана бир нече жеке менчик мектептер өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп турганы жакшы жышаан болот”,-деди министр.

Мектеп жетекчилиги өздөрү иштеп чыккан дидактикалык материалдарынын көчүрүлүп, ар кайсы аймакта ар түрдүү тааныштырылып жатканын айтып өттү. Министр комплекстин дидактикалык материалдарды патенттей ала тургандыгын айтып, бул багыттагы иштердин ирээтке келе тургандыгын баса белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button