Коом

Кыргызстанда Беларустун ЖОЖдоруна окууга документтерди кабыл алуу башталды

Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021/2022 окуу жылына карата Беларусь Республикасынын ЖОЖдорунда окууга документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу КР Билим берүу жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документтерди 2021-жылдын 25-февралына чейин Беларустун Кыргызстандагы элчилигине тапшыруу керек.

Документтердин тизмеси:

Адистиктин аталышы (адистиги)
Жогорку билим берүүнүн I баскычы / орундардын саны Жогорку билим берүүнүн II баскычы (магистратура) / орундардын саны
«Маалыматтык тутумдар жана технологиялар» / 1

«Маалыматтык коопсуздук» / 2

«Жалпы медицина» / 1

«Айыл чарба процесстерин техникалык жактан камсыз кылуу»/ 2

«Электрондук тутумдар жана технологиялар» / 1

«Журналистика» / 1

«Китепкана жана маалымат ишмердүүлүгү » / 1

«Экология» / 1

«География» / 1

«Мамлекеттик башкаруу жана экономика» / 1

1. Беларустагы тандалган адистиктин жана окутуунун пайдасына жүйөлөрдү келтирүү менен окутууга кабыл алуу жөнүндө арыз (форма боюнча түзүлүшү зарыл (төмөндө караңыз);

2. Чет өлкөгө чыгуу документинин көчүрмөсү жана ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;

3. Билим берүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (же жарандын студент экендигин тастыктаган, акыркы окуу жылындагы жана ушул жылдын бүтүргөн чейректери / семестрлери боюнча билим берүү мекемесинин жетекчиси тарабынан тастыкталган бардык предметтер боюнча баалардын тизмеси);

4. Орус тилин билгендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;

5. Тандалган адистик боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык документтин көчүрмөсү жана ВИЧ-инфекциясы жок экендиги жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;

6. Окуу жайынан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);

7. Беларуссиялык ата тегин тастыктаган документтер (бар болсо);

8. Эгерде бар болсо: жарыяланган илимий эмгектердин тизмеси жана көчүрмөлөрү, ойлоп табуулардын сүрөттөмөлөрү, жүргүзгөн изилдөөлөр жана тажрыйба-конструктордук иштер боюнча отчеттор (эгер бар болсо), адистикке тапшыраарда биринчи профилдик тесттин предмети менен аныкталган академиялык предметтер боюнча эл аралык олимпиадалардагы жана (же) башка билим берүү иш-чараларындагы жетишкендиктерди (1, 2-орундарды) тастыктаган дипломдор (эгер бар болсо).

Тандоого катышууга билим берүү жөнүндө документтин орточо баллына (акыркы окуу жылындагы учурдагы аттестациясына ылайык) он баллдык шкала боюнча 7,5 баллдан төмөн (беш баллдык шкала боюнча – 4,3 баллдан төмөн) ээ болгон талапкерлер киргизилбейт .

Кыргыз тилинде түзүлгөн документтерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн орус же беларус тилдерине котормосу тиркелиши керек.

Байланыш телефону: 35 28 35

Булак: Кабар.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button