Коом

Видео. Токтогулда жаңы милициянын көчмө кабылдама унаасы иштей баштады

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы милициянын көчмө кабылдама унаасы жарандарды кабыл ала баштады. Бул унаа менен милиция кызматкерлери район аймагындагы элдер менен жолугушуп арыз-даттанууларын кабыл алышып, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө.
Тартип сакчылары жарандарды мал уурулуктарынын алдын алууга үндөп жатышат. Өз карамагындагы малдарды көзөмөлдөөгө жана суук мезгилдерде талаага коё бербөөгө чакырышууда. Ошондой эле мал базарларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандарга акчаларын ишенимдүү сактап жана сак болуу керектиги эскертилүүдө.
Мындан сырткары жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамы унаасы менен мектептерге барышып профилактикалык жумуштарды алып барышууда. Бул унаанын РИИБге келишин жергиликтүү тургундар да жылуу кабыл алышып, милициянын учурда аткарып жаткан жумуштарына ыраазычылык билдиришип, алкоого алып жатышат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button