Коом

Муфтий Максат ажы Токтомушев экинчи мөөнөткө талапкерлигин коёт

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушев Аалымдар кеңешинин быйыл апрелде өтө турган курултайында муфтийликке өз талапкерлигин кайрадан  коёт .

Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматынан  кабарлады.

—«Төрт жылда бир ирет курултай болуп турат. Аалымдар кеңешинин курултайы, Кудай буюрса, марттын аягы, апрелдин башында өтүшү керек. Талапкерлер катталып, сынактан өтөт. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешүүлөр болот. Аалымдар кеңешинин 21 мүчөсү да кайрадан шайланат. Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы да жаңы шайланат. Мен да, Кудай буюрса, өз талапкерлигимди муфтийликке кайрадан койоюн деп жатам». Максат ажы Токтомушев 2017-жылы 4-апрелде мусулмандардын Бишкекте өткөн VI курултайында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы болуп шайланган. Ал бул кызматка экинчи ирет ат салышууну көздөп турат,» — деп билдиришти маалымат кызматы.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button