Кылмыш-кырсык

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери гашиш баңгизатын сатууга бөгөт коюшту

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкаркармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун аймагында 30-35 жаштагы азият түспөлүндөгү жаран өсүүчү баңгизаттарды жасап, сактап жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Мыйзамсыз аракеттерди аныктоо максатында тергөө-ыкчам иш-чаралары  жүргүзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек-Ош жолунда 1986-жылы туулган А.Р. аттуу жарандын башкаруусундагы «Ford Focus» үлгүсүндөгү автоуна токтотулган. Ага кароо жүргүзүү учурунда салонунун ичинен 40 даана таңгакталган  кара  жашыл түстөгү өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган.

Андан кийинки тергөө амалдарынын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын МЫББнын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматтык издөө итин колдонуу менен  шектүүнүн жашаган үйүнө кечиктирилбес тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында төмөндөгүдөй 105 даана таңгакталган зат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык табылып алынган зат  жалпы салмагы 1 килограмм  182 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты деп аныкталган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа айып төлөнүүчү жайга токтотулду. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button