Кылмыш-кырсык

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн мурда соттолгон жаранды кармашты

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери  жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн мурда соттолгон жаранды кармашты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында Бишкектен 1985-жылы туулган Ж.С. кармалды.

Кармоону ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад облусунун ИИБдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн.

1985-жылы туулган жаран Ж.С. Жалал-Абад облусунун тургуну болот. Мурда 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин  172-беренесинин 2-бөлүмү (айдап качуу), 123-беренесинин 2-бөлүмү (Адамды уурдоо) жана 170-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап талап кылуу) боюнча соттолуп, катуу режимдеги түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан.

Бирок, 2019-жылдын июль айында  Ысык-Ата райондук сотунун токтому боюнча жаран Ж.С. Ново-Пакровка айылында жайгашкан №3 мекемесинен 2 жыл 6 айга мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө үчүн бошотулган. Андан соң аны жашаган жери боюнча каттоого Чаткал району боюнча Пробация органына жөнөтүшкөн.

2020-жылдын январь айында Чүй облустук сотунун аныктоосу менен биринчи инстанциядагы соттун  мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жазасын өтөө боюнча токтому жокко чыгарылган.

ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча  жаран Ж.С. жаза өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн.

Жакында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аны Бишкек шаарынын аймагынан кармашты.  Мындан ары жаза мөөнөтүн өтөө үчүн ал ЖАМКтын имаратына жеткирилди.  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, Ж.С. ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button