Коом

Ошко учуп келген тажик жарандары сабалды делген маалымат жалган

«Ош шаарындагы аэропортко учуп келген тажик жарандары ур токмокко алынды» делген маалымат жалган. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрым интернет булактарында «Ош шаарынын аэропортуна сырттан учуп келген чет өлкөлүктөргө, анын ичинен тажик улутундагыларга басым жасалып, ур-токмокко алынып жатат» деген жалган маалыматтар тарап, Ош аэропортуна тиешеси жок видеоролик менен коштолууда. Акыркы алынган маалыматтарга ылайык, тарап жаткан видеодо көрсөтүлгөн окуя Кытайда болгон.

«Видеороликте бир белгисиз адамдардын өз ара мушташын жана белгисиз кара түстөгү автоунаанын жерде жаткан адамды тебелеп кеткендигин көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө Ош аэропортунда кандайдыр бир чет өлкөнүн жарандарына карата жасалган кылмыш же жорук катталган жок. Башка өлкөлөрдөн учуп келип жатышкан тажик улутундагы жарандар тууралуу укук коргоо органдары тарабынан маалыматтар алдын ала алынып, алар Өзбекстандын аймагына чейин коопсуздугу корголуп узатылып жатат. Ал эми «Ош аэропортунда болгон окуя» катары таратылып жаткан видеоролик Ош аэропортуна таптакыр тиешеси жок жана провокациялык багыттагы видеоролик болуп эсептелинет. Акыркы алынган маалыматтарга ылайык, бул окуя Кытай Эл Республикасында болгондугу аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button