Коом

Таңкы саат 5: 40тан түнкү 23: 00гө чейин. Бишкекте троллейбустар иш убактысын узартышты

Бишкекте троллейбустар иш убактысын узартышты. Бул  тууралуу мэриядан билдиришти.

“Урматтуу жарандар! Линияда маршруттук таксилер жок болгондуктан, Бишкек троллейбус башкармалыгы борбор калаадагы троллейбустардын иш графигин түнкү саат 23: 00гө чейин узартты.

Жакынкы күндөрү троллейбустар таңкы саат 5: 40тан баштап саат 23: 00гө чейин төмөнкү  маршруттар боюнча жүрөт:

— No2 — «Эт комбинаты» — «Аламүдүн-1» кичи району;

— No4 — «Эт комбинаты» — Кожзавод «;

— No5 — «Тунгуч» — «Жал» кичи району;

— No6 — «8-кичи район — Батыш автобекети»;

— No7 — Ош базары — Тунгуч кичи району;

— No8 — Чыгыш автобекети — «Айыл чарба институту»;

— No9 — «Айыл чарба институту -» Аламүдүн-1 «кичи району;

— No10 — «Фрунзе заводу -» Асанбай «кичи району;

— No 11 — «Асанбай» кичи району — Чыгыш автобекети «;

— No 14 — «Жал» кичирайону — Киркомстром «;

— No 17 — «Кожзавод -» Асанбай «кичи району.

Бүгүн шаар тургундары үчүн линияда 140 троллейбус иштеди.

Урматтуу жүргүнчүлөр! Коомдук транспорт менен жүргөндө бардык санитардык нормаларды сактоону суранабыз”,-деп айтылат билдирүүдө.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button