Кылмыш-кырсык

Велосипедчен жигитти сүзүп кеткен запастагы подполковник эки айга камакка алынды

Велосипедчен жигитти унаасы менен сүзүп алган Талас облусунун жетекчисинин кеңешчиси Марслатбек Шералиев эки айга камакка алынды. Маалыматты облустук админстрациядан тастыкташты.

Белгилей кетсек, кырсык 30-июлда болгон. Кеңешчинин унаасы жол боюнда велосипед тээп бараткан 26 жаштагы жигитти сүзгөн. Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.

Марслатбек Шералиев УКМКнын запастагы подполковниги. Ал 2017-жылы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button