Коом

Учакта төрөлгөн эгиз кыздар өмүр бою акысыз учушат

Бейшемби күнү Монголиянын улуттук авиакомпаниясы MIAT өткөн айда бортто төрөлгөн эгиз кыздарга жана алардын апасына өмүр бою акысыз учууга билеттердин  сертификатын берди.

Белгидүү болгондой, эгиздер 9-июлда Түркиянын Стамбул шаарынан Монголиянын борбору Улан-Баторго чартердик рейс менен учуп баратканда жарык дүйнөгө келишкен. Алар убактынан эки ай мурун төрөлүшкөн. Бүгүн, 13-августта, кыздары менен апасы Улуттук жугуштуу оорулар илимий-изилдөө борборунда изоляциядан үйүнө чыккан.

Учурда балдар жана алардын 42 жаштагы апасы ден-соолугу чың.  МИАТтын маалыматы боюнча, бул Монголияда жарандык авиациянын тарыхында экинчи жолу  учуу учурунда жарык дүйнөгө келгендер.  Биринчиси 1966-жылы АН-24 учагынын бортунда төрөлгөн. Азыр ал 54 жашта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button