Кылмыш-кырсык

Алдамчылыкка шектелген Д.С. Ибраев Болгариядан кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына бир нече курулуш компаниялары кайрылып, жаран Д. Ибраев курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алгандыгын билдиришкен. 

 Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн №19 “А” дарегинде жайгашкан “Строймир” ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Данияр Ибраев, 2018-жылдын декабрь айынан  2019-жылга  чейинки маалда курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ишенимге кирип, 7 жабырлануучудан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган.  Материалдык чыгымдын жалпы суммасы  507 352 049 сомду түзөт.

Д. Ибраевге байланышкан жогорудагы 7 окуя  Бишкек ШИИБде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

 2019-жылдын 24-декабрь күнү Д. Ибраев алдамчылык фактысын жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө сыртынан кабарланып,  ошол эле күнү ага карата Свердлов райондук соту тарабынан  сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

 2019-жылдын 26-декабрь күнү эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол багыты боюнча издөөгө алынган.

 2020-жылдын 28-декабрь күнү Интерполдун билдирүүсүнө ылайык, Д.С. Ибраев Болгария Республикасынын София шаарында кармалган. Азыркы учурда издөөгө алган Кыргыз Республикасына экстрадициялоо процесси башталды.

 Урматтуу жарандар! Д.С. Ибраевдин алдамчылык иш-аракетинен жабыр тарткандар араңыздарда бар болсо, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнүн “64 “а” дарегинде жайгашкан Бишкек ШИИББдин Тергөө  кызматына кайрылууңуздарды суранабыз.  Байланыш телефондору: нөөмөт бөлүгү-0312 437168; Тергөө кызматынын начальниги- 0312 68-12-68; тергөөчү-0550 102086.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button