Коом
Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат
Мэриядан маалымдагандай, суук тушкөндө туруктуу жашаган жери жок жарандар үчүн борбордо муниципалдык баш калкалоочу жайлар күчөтүлгөн режимде иштөөдө.
Аларда ысык тамак берилип, түнөп кетүү үчун орундар түзүлгөн. Куткаруучулардын, медайымдардын нөөмөтү дагы уюштурулат.