Саясат

Индиянын президенти Садыр Жапаровго дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду

Индия Республикасынын президенти Рам Натх Ковинд Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Биздин эки тараптуу мамилелерибиз тарыхый жана цивилизациялык байланыштарга негизделет. Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамилелер ар кайсы тармактарда ургалдуу өнүгүп келе жатат. Үстүбүздөгү жылдын январь айында “Индия-Борбордук Азия” механизмин институтташтыруу биздин мамилелерди аймактык өнүгүүнүн жана коопсуздуктун жаңы бийиктиктерине көтөрдү.

Биздин мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берерине ишенем”, — деп айтылат куттуктоо текстинде.

Индиянын президенти Рам Натх Ковинд президент Садыр Жапаровго чың денпсоолук жана бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дос элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button