Коом

Француз компаниясы ири ГЭСтерди курууда Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Électricité de France компаниясынын Россиядагы жана КМШ мамлекеттериндеги өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон жана Франциянын Кыргыстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов да катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасы энергетика тармагындагы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу долбоорлоруна катышууга кызыкдар инвесторлордун сунуштарына ачык.

«Бизде 142 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин артыкчылыктуу багытыбыз – Камбар-Ата-1 ГЭСин, чакан ГЭСтерди, ошондой эле күн жана шамал станцияларын куруу. Биз «жашыл экономика» долбоорлорун өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», — деди Бакыт Төрөбаев.

Алмаз Исанов кошумчалагандай, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында «жашыл», санариптик жана креативдүү экономикаларды өнүктүрүү боюнча негизги багыттар көрсөтүлгөн. Анын айтымында, Министрлер Кабинети «жашыл экономика» тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулууда.

Électricité de France өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон энергетика тармагындагы долбоорлор боюнча, атап айтканда, ири ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Маалымат үчүн: Électricité de France (Электрисите́ де Франс) — француз электр энергетикалык компаниясы.

EDF Европада, Түштүк Америкада, Түндүк Америкада, Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Африкада 120+ гигаватт кубаттуулуктагы түрдүү портфелди башкарат.

2009-жылы EDF дүйнөдөгү эң ири электр энергиясын өндүрүүчү катары таанылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button