Маданият

Чолпон-Ата шаарында эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтөт

Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу  маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө-жарманке 13-14-май күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» борборунда болот.

«Жыл сайын туристтик сезон башталганда жарманке өткөрүп турабыз. Быйылкы иш-чара 13-майда саат 12:00дөн баштап башталып, ага 200дөн ашык компаниянын катышуусу күтүлүүдө. Анда облустардан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлат, улуттук аспаптардын көргөзмөсү, салбуурун оюну жана майрамдык концерт өтөт. Кечки саат 18:00дө расмий ачылуу аземи өтүп, өлкө башчынын келишин күтүп жатабыз», — дейт ал.

Министр иш-чаранын алкагында туристтик форум өтөрүн кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, 14-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында ШКУнун Run the Silk Road X эл аралык марафону старт алат

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button