Спорт

Кыргызстандык жөө күлүктөр Бакудан 6 медаль утту

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы Азербайжанда өткөн эл аралык турнирден алты медаль жеңип келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Мелдеш дем алыш күндөрү Баку шаарында өткөн.

Байге ээлери:

Рената Сон — күмүш;

Сабина Батаджиева — күмүш;

Екатерина Павленко — коло;

Шахзодбек Садыкжан уулу — коло;

Тимур Исаков — коло.

4х400 mix эстафетасынан күмүш медаль. Катышкандар: Рената Сон, Иван Курицын, Екатерина Павленко, Шахзодбек Садыкжан уулу.

Спорт департаменти 2023-жылы боло турган Азия оюндарына жөө күлүктөрдү тандоо башталганын айтты. Бир нече турнирде өзүн көрсөткөн спортчулар оюнга жолдомо алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button