Блогер блок

Адахан Мадумаров командасын жана кесиптештерин ирээнжитип алдыбы?

Кечээ, Жогорку Кеңештин депутаттары Башкы прокурордун Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Депутатты жоопкерчиликке тартуу үчүн 61 депутат макулдук берди. 

Мындай өтүнүч буга чейин дагы болгон. Анда, кезинде Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда, Баткендеги жер тилкесин тажик тарапка берүү тууралуу протоколго макулдук берип, кол койгон.

Дал ошол протокол үчүн бүгүнкү күнгө чейин чек ара маселеси чечилбей, талаш-тартыш, көптөгөн жаңжал, эки жолу куралдуу кагылыш болуп, жарандарыбыз набыт кетип, үйлөр талкаланды. Бул үчүн Кыргызстан ири суммадагы чыгымга дуушар болду.

Ошол кылмышы боюнча Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке кайрылганда, эл өкүлдөрү Мадумаровду сактап калышкан, жоопкерчиликке тартууга уруксат берген эмес.

Бул – команданын принциби, Жогорку Кеңештин репутациясы деп түшүндүрүшкөн. Кесиптештеринин мындай тилектештигине Адахан Мадумаров бир дагы жолу ыраазычылык айткан эмес. Тескерисинче, аларды ар дайым сынга алып, “сабатсыздар, караңгылар, түркөйлөр, эч нерсе билбейсиңер, акылыңар жок”-деп кемсинтип келет. Кесиптештеринин бир канчасы менен айтышып, уруша кеткен учурлары көп болду.

Мына ушундай мүнөзү үчүн, кесиптештери деле Мадумаровдон тажап жүрсө керек, бул жолу жоопкерчиликке тартуу өтүнүчүн колдоп беришти.

Ошондуктан, ашкере текебер болбой, айрым учурда кол сунган адамдарга ыраазычылык айтканды, жакшылыкка жылуу мамиле кайтарганды дагы эске ала жүрсө болмок. Тоодой кылмыштарды мойнуна артып алып, депутаттык кол тийбестигине жамынып жүргөн Адахан Мадумаров, эми артыкчылык укуктарынан ажырады.

Эсиңиздерде болсо, жаз айында Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылып, өлкөдө баш аламандык уюштуруп, бийликти басып алабыз деген саясий топтун аракетинин натыйжасында бир канча адам камакка алынган. Ошол баш аламандыкты уюштуруучуларынын бири Адахан Мадумаров болчу. Кармалгандар камакта, негизги уюштуруучу Мадумаров кол тийбестигинин артында эркиндикте жүргөн.

Баяна Кулова. Журналист.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button