Экономика

МСК: Жыл башынан бери ишкерлер 1,1 триллион сомго электрондук эсеп-фактура тариздешкен

2023-жылдын башынан бери ишкерлер 1 трлн 71 млрд сомго 8 млн 449 миң электрондук эсеп-фактура жазып беришкен. Бул тууралуу министрлер кабинетинин отурумунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында ведомствонун ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берип жатып билдирди.

Бүгүнкү күндө ЭЭФди 49 миң 200 салык төлөөчүнү колдонууда, бул өткөн жылга салыштырмалуу 19 миңге көп.

А.Абдуваповдун айтымында, жүргүзүлгөн аналитикалык иштердин жыйынтыгы боюнча «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасы жакшыртылган, бул кошумча нарк салыгы боюнча кирешелердин көбөйүшүнө өбөлгө түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button