Блогер блок

Мурун учунан алыс карап, дүйнөдө эмне болуп жатканына көз чаптырсак

“Адам төрөлсө, өлсө да койдун шору” дегендей, кырдаалдан пайдаланып болушунча акча жасап калайын дегендердин саны көп. Андан бетер кейиштүүсү көрсө да билмексен болгон кайсыл бир аткамнерлердин тобу. Шалаакы өкмөт, популист эл өкүлдөрдүн жасаган иштери айланып келип бир кишиге көлөкө түшүрүүдө. Себеби, кыргыздын менталитети, табити ошол. Уулу же кызы начар чыгып калса “атасынын же энесинин тарбиясы” деп дароо күнөөлүүнү таба коёбуз. Баланын жакшы-жаман чыгышы сөзсүз эле тарбиядан эмес, дээрден да болот. Ата-эне эч качан уулун жаман болсун деп тарбиялабайт.

Дүйнөнү каптап келген апаатка да башында бийликти күнөөлөп, саясат деп атаганга үлгүргөн элек. Саясат эмес экенин түшүнгөн соң кайра эле бийликти күнөөлөгөнгө өттүк. Туура, себеби кыргызбыз.

Бийликти деле апакай дей албайбыз. Толтура кемчилик кетирди, бүгүн да кетирип атат. Айрыкча өкмөт менен жогорку кеңеш окшошконго учкашкан болуп. Асманыбызды кара булут каптап, элибиздин саны азайып, мамлекетти оор кырдаал басып турганда эл өкүлдөрүбүз эс алганы кетип калышты. Ал эми өкмөтүбүз өйдөлөй албай, өз алдынча чечкиндүү кадамдарды жасай албай койду. Айланып келип сааттын жебеси өлкө башчыга бурулду.

Сооронбай Жээнбеков  “азыр кимдир бирөөнү күнөөлөй турган кез эмес” экенин белгилеп, жардамга кол сунган ыктыярчылар менен жолугуп, региондорду кыдырууну баштады. Кыйын кырдаалда кырга качып кеткендерди көрүп жоопкерчиликти да мойнуна алды.

Эх, ушуну окуган окурман жазган макаланын авторун кошоматчы деп түшүнөт, бийликтин чабарманы деп кабыл алат. Себеби, кыргызбыз да. Анан эмнени жазалы бүгүн, эмнени айталы? Окумуштуу, элине кас, байлыкка мас өлкө башчыларын да көрдүк. Сүйлөбөй иш кылган башчыны эми сүйлөтө албай убарабыз. Эмнеге, себеби кыргызбыз.

Деги адам баласына, айрыкча бизге эч нерсе жакпайт. Сүйлөсө популист кыла салабыз, сүйлөбөй иш кылса сүйлөбөйт дейбиз. Элге чыкпайт дейбиз, чыкса пиар кылып атат дейбиз. Досу менен болоюн десе мамлекеттин кызыкчылыгынан досун өйдө көрдү дейбиз. Бир топтун эмес, бүткүл элдин тарабында болсо саткын дейбиз…

Эл оозунда элек жок, беш кол албетте тең эмес.

Карарган түндүн аркасында агарган таң бар демекчи, Кудай буюрса бул оор күндөр да өтөт. Мындан да катаал тагдырды башынан өткөргөн кыргыз эли.

Мына, коңшу мамлекеттерди карагыла. Өзбекстан жазында коронавирус менен күрөшүү үчүн жалпы 875млн доллар алган. Ал жакта тез жардам кызматы учурунда келбейт, КТ жана башка аппараттары жетишсиз, дары-дармек жок. Телефон аркылуу гана кеңеш берүү менен чектелип келишет. Вирусту аныктоочу аппараттын аздыгына байланыштуу ооругандардын саны да аз көрсөтүлүп жатат. Ал жакта демократиянын жыты да жок, эгемендик алганы эки Башчы гана алмашкан.

Казак боордоштордун ахыбалын айтпай эле коёлу. Ал жакта бизден жаман көрүнүш уланууда.

Эки мамлекетке караганда бизде сөз эркиндиги бар. Элдер каалаганын айтып, мүдөөсүн түз жеткизип келет. Бизге окшоп эки мамлекетте төңкөрүш да болгон эмес, экономикасы бир калыпта келаткан өлкөлөр.

Андыктан мурун учунан алыс карап, дүйнөдө эмне болуп атканына да көз чаптыра билсек.

Мына, күн санап ооругандардын саны азайып, айыккандардыкы өсүүдө. Буюрса апааттан кутулуп, кадимки жеңиш күнүн белгилөөчү күн да алыс эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button