Блогер блок

«Улуу көчтү, улуу сөздү кайсыл өрүштөн жоготуп алдык? Улуулар – биз силерден улуулук менен сулуулукту сагындык!»

Эскерүү! (Айрым улуу муунга кайрылуу)
Чоң энемди эстедим, ал эскерүү менен мен – кыргыздагы улуулукту, кыргызга тиешелүү нарктуулук менен бийик, аруу сөзүн, улуу көчүн сагындым!
Тизилип отурган даанышман энелер менен аталарды сагындым, анткени алардын ар биринин өзүнө тиешелүү болгон акылы, көрөгөчтүгү, билгилиги болор эле.
Эмне үчүн азыркы энелер, аталарда мындай касиет жоголуп баратат?
Эмне үчүн биз суусаган накыл сөздөрдү уга албайбыз?
Эмне үчүн улуулардан – биз даанышмандыкты, улууларга тиешелүү болгон сулуулукту таппай калдык?
Көрсө акыл, даанышмандык, көрөгөчтүк жашка карабайт окшойт.
Жүзүңөргө бырыш түшкөн соң, улуу муун болгонуңардын белгиси. Жүзгө бырыш түшкөн соң – дилге, жүрөккө мээрим толчу эле. Ошол мээримди издеп калдык.
Улуулардын акылынан үлгү алып, адашкан караңгы жолго – шам чырак кылаар элек.
Жашыңар Пайгамбар жашына жеткен соң, арты бир кылчайып, артыңардан өсүп келе жаткан муунга бир саресеп салсаңыздар жакшы болмок, айрым улуулардын кылык жоруктарын көрүп тобоо кылганга аргасыз болобуз.
Жаш балдарга тең келе, кыйшаңдаган аталар пайда болду.
Жаш кыздарга тең келе, бети башын түзөтүп, кирпик чаптап, тырмактарын узартып, боёгон апалар пайда болду.
Жашыңар өйдөлөгөн сайын – ийменип, даанышмандыгыңар өссө экен.
Эртеңкини ойлонуп – үлгү болучу касиетиңер көбөйсө экен.
Төрүңөрдөн көрүңөр жакындаган сайын – жаман кыял,адатыңар азайып, жакшыңар көбөйсө экен.
Биз ата-бабаларыбыз сактап келген улуулук менен сулуулукту, даанышмандык менен көрөгөчтүктү, дилгирлик менен мээримдүүлүктү сагындык.
Телефон чукулап, жаштар менен тең тайлашып айтышкан ата-энелерди эмес, сыр сандыкта катылган акыл, кеңештерди, санжыра менен тарыхты сагындык.
Улуу көчтү, улуу сөздү кайсыл өрүштөн жоготуп алдык?
Көргөндөр болсо кабарлап койсоңуздар.
Улуулар – биз силерден улуулук менен сулуулукту сагындык!
Катуу тийсе кечирим сурайм, бирок биз силерге акыл үйрөтүп эмес, биз силерден акыл үйрөнүп жашоону каалайбыз!
Эскертүү адамзат үчүн пайдалуу!
Динара Сулайманова

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button