Коом

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жактырды

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифингдин жүрүшүндө маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, бүгүн, 27-январда Конституциялык кеңешме расмий түрдө өз ишин токтотту.

«Бүгүн да көптөгөн сунуштар жана ойлор айтылды. Алардын барын протоколго киргизип, дагы бир-эки күн иштеп, андан соң акыркы вариантты Жогорку Кеңешке беребиз. Конституция — бул мамлекеттин негизги документи. Бул абдан чоң жана татаал иш экен, аны татыктуу аткарганга аракет кылдык», — дейт ал.

Бөрүбашев өз сөзүндө Конституциялык кеңешменин 67 мүчөсү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, өз добуштарын бергендигин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button