Кеңеш

Коронавируска жакшы туруштук бере турчу витаминдер айтылды

D витаминин жеп турган кишинин организми коронавируска жакшы туруштук берет.Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, вирусолог Анатолий Альтштейндин билдирүүсүн РИА Новости жарыялады.

Адистин айтымында, иммунитетти бекемдөө үчүн биринчи кезекте эпидемияга каршы эрежелерди так аткаруу зарыл. Алсак, аралыкты сактап, киши көп жерлерде бет кап тагынып, колду тез-тезден жууп, отурган жерди дезинфекциялап туруу шарт.

“Мүмкүнчүлүк болсо аралыктан иштеп, өзүн-өзү изоляция кылган да жакшы. Бирок сейилдеп турууну эстен чыгарбаш керек. Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу да маанилүү”, — деди Альтштейн.
Вирусолог белгилегендей, D витаминин жеп турган кишинин организми коронавируска жакшы туруштук берет. Ошондой эле вируска каршы турууда адам толук кандуу тамактанып, уйкусун кандырып, ичимдиктен баш тартып койсо артыкчылык кылбайт.

Альтштейн дени сак жашоо образы жана эпидемияга каршы чаралар дем алуу органдарын коронавирустан гана эмес, башка да вирустардан коргоого көмөкчү болот деп эсептейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button